Телефон:
Региональные отделения
закрыть× Звоните нам


МОСКВА. Кыргызстандын РФдагы элчиси А. Жекшенкулов ЖРККнын президенти К. Кожоевди кабыл алды

Кыргызстандын РФдагы элчиси А. Жекшенкулов ЖРККнын президенти К. Кожоевди кабыл алды
8-апрелде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Жалпы россиялык «Кыргыз Конгрессинин» президенты Кожоев Кубанычбек Шералиевичти кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-орус кызматташуулары, Россиядагы мекендештердин ал-ахвалдары, жашоо турмуштары, маданият жана тил маселелери, жер-жерлердеги эмгек мигранттарынын түйшүктөрүн жеңилдетүү маселелери каралды. Жаңы келген элчиге Кубанычбек Кожоев Россия мамлекетиндеги эң ири федералдык статусу бар Жалпы россиялык Кыргыз Конгрессинин иш-максаттары жөнүндө төмөндөгү маалыматты берди.
К.К.Ш. - Биз өзүбүздүн эң маанилүү жетишкендигибиз деп, улуу Россия мамлекетинде (Сахалинден Калининградка, Санкт-Петербургдан Астраханга чейинки аралыкта) жашаган кыргыз улутунун башын бириктирген федералдык деңгээлдеги статусу бар “Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси” коомдук уюмунун түптөлүшүн айтсак болот (2012-2019жж).
Кыргыз Конгрессинин негизги максаттары - Россиядагы кыргыздардын тилин, дилин, маданиятын бекем сактап, өнүктүрүүгө шарт түзүү, Россия мамлекетинин бийлик бутактарында, илим-билим, маданият жана бизнес тармактарында кыргыздардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өсүп чыгуусуна көмөктөшүү!
Учурда Россия Федерациясынын 65 регионунда “Кыргыз Конгрессинин” аймактык бөлүмдөрү өз иштерин алып барууда.
Биз, Россиянын ар бир регионунун губернаторуна, республика башчыларына жана юстиция башкармалыгына атайын кайрылуу жөнөтүп, ошол региондордогу кыргыз лидерлерине жогорку деңгээлдеги расмий статус алып берип, Россиянын жер жерлердеги бийлик органдары менен тыгыз мамиле түзүп, мекендештерибиздин кызыкчылыгы үчүн алгылыктуу иш алып баруусуна шарт түзүп бердик.
Россиядагы мекендештерибиздин, өзгөчө, эмгек мигранттарыбыздын укуктарын коргоп, маданий талаптарын канаатандырып, улут катары тилибизди-дилибизди жоготпой жашообузду улантууга шарт түзүп алдык.
Бирок, ошондой болгон күндө да, биз - россиялык кыргыздар, улут катары, ар дайым өз мекенибиздин колдоосуна муктажбыз. Анткени, бизге жан тарткан мекенибиз - Кыргыз мамлекетибиз бар деп эсептпейбиз!
Кыргыздар башка мамлекеттин жарандыгын алган күндө да, баары бир кыргыз боюнча калат жана өз элинин, өз улутунун чет мамлекеттеги көрүнүктүү өкүлү, патриоту бойдон калат деп ишенебиз.
Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси Россиядагы кыргыздарды өз алдынча этнос катары «Россия элдеринин Ассамблеясынын» курамына киргизгенге жетишти. Демек, кыргыз улуту, көп улуттуу Россия мамлекетин түзгөн элдердин катарында, келечекте өзүнүн татыктуу оордун ээлеп калат деген терең ишенимдебиз.
Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси улут кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын аткаруу бийлигинин бардык бутактары менен тыгыз кызматташып, расмий бийлике эч убакта оппозициялык маанайда болбой тургандыгын, ЖРКК өз ишин Россия мамлекетинин мыйзамдарынын чегинде алып барып, жогоруда айтылган максаттарга жетүү жолунда кыргыз бийлигинин колдоосуна муктаж экендигин билдирди.