Телефон: +7 (926) 789-91-29
Региональные отделения
закрыть× Звоните нам +7 (926) 789-91-29


ЫССЫК-Көл. Ыссык-Көлдө өткөн «МЕКЕНДЕШТЕР» Форумунда ЖРКК президенти Кубанычбек Кожоев сөз сүйлөдү  (08.08.2018ж)

Ыссык-Көлдө өткөн «МЕКЕНДЕШТЕР» Форумунда ЖРКК президенти Кубанычбек Кожоев сөз сүйлөдү  (08.08.2018ж)
 
УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ, УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!
Биз үчүн бүгүн чоң майрам жана бактылуу күндөрдүн бири. Анткени, биз, дүйнөнүн төрт бурчунан келип, кереметүү Ысык-Көл жээгине чогулуп, жүз көрүшүп, мекенибиздин, элибиздин келечеги жөнүндө баарлашып отурабыз!
- Айткылачы! Бул дүйнөдө мекенден ыйык, жерибизден артык нерсе барбы?
- Албетте, жок!
Учурдан пайдаланып, «МЕКЕНДЕШТЕР» форумун бир топ жылдан бери өткөрүп келе жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун жамаатына терең ыраазычылык билдирип кеткибиз келет!
Сиздерге белгилүү болгондой, Кыргыз мамлекетинин сырт жагында саны боюнча эң көп мекендештерибиз жашаган мамлекет Россия Федерациясы, Кыргыз мамлекетинин негизги стратегиялык өнөктөшү.
Глобалдашуу жана IT-технология мыйзамдары менен тез ылдамдыкта өнүгүп жаткан азыркы заманда, кыргыздар дагы дүйнөдөгү миграциялык процесстерден четте калбай, ошол  улуу агымындын ичинде баратабыз.
Учурда Россия мамлекетинде жарандыгы бар жарым миллиондон ашуун мекендештерибиз жашап келишет. Эгерде алардын бала-чакаларын кошуп санасак, анда жалпы саныбыз миллиондон ашкан цифра болушу ыктымал. Андан сырткары, жарым миллиондон ашык эмгек мигранттарыбыз бар.
Демек кыргыз мамлекетинин Россия багытында иш-чараларды алып баруу жумушу өтө маанилүү тармак!
Мекенден сырткары иштеп жүргөн карапайым адамдар өзгөчө патриот болоорун билесиздер. Алар кыргыз эли үчүн, кыргыз жери үчүн жанын берүүгө да даяр! Анткени алар бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, кыргыз элинин, кыргыз жеринин кадырын терең түшүнгөн адамдар. Биз балдарыбызга да ушундай тарбия берип келебиз!
Урматтуу Форумдун катышуучулары!
Биз өзүбүздүн эң маанилүү жетишкендигибиз деп, улуу Россия мамлекетинде (Сахалинден Калининградка, Санкт-Петербургдан Астраханга чейинки аралыкта) жашаган кыргыз улутунун башын бириктирген федералдык деңгээлдеги статусу бар “Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси” коомдук уюмунун түптөлүшүн айтсак болот!
Учурда Россия Федерациясынын 60тан ашуун регионунда “Кыргыз Конгрессинин” аймактык бөлүмдөрү өз иштерин алып барууда.
Биз, Россиянын ар бир регионунун губернаторына, республика башчыларына жана юстиция башкармалыгына атайын кайрылуу жөнөтүп, ошол региондордогу кыргыз лидерлерине жогорку деңгээлдеги расмий статус алып берип, Россиянын жер жерлердеги бийлик органдары менен тыгыз мамиле түзүп, мекендештерибиздин кызыкчылыгы үчүн алгылыктуу иш алып баруусуна шарт түзүп бердик.
Көшөрүп, качан Кыргыз мамлекетинен жардам келет экен деп, күтүп отурбастан, өз киндигибизди өзүбүз кесип, дараметтүү “Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси” уюмубузду түптөп, Россиядагы мекендештерибиздин, өзгөчө, эмгек мигранттарыбыздын укуктарын коргоп, маданий талаптарын канаатандырып, улут катары тилибизди-дилибизди жоготпой жашообузду улантууга шарт түзүп алдык!
Бирок, ошондой болгон күндө да, биз, улут катары, ар дайым өз мекенибиздин, колдоосуна муктажбыз. Анткени, бизге жан тарта турган - Кыргыз мамлекетибиз бар деп ойлойбуз!
 
Ар бир кыргыз башка мамлекеттин жарандыгын (паспортун) алган күндө да, баары бир кыргыз боюнча калат, өз элинин, өз улутунун чет мамлекеттеги көрүнүктүү өкүлү, патриоту болууга умтулат деп ойлойм!
Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси, Россиядагы кыргыздарды өз алдынча этнос катары «Россия элдеринин Ассамблеясынын” курамына киргизгенге жетишти. Демек, кыргыз улуту, Россия мамлекетин түзгөн көп улуттардын катарында, келечекте өзүнүн татыктуу оордун ээлеп калат деген ишенимдебиз.
Биздин мындай ынтымагыбыз, жетишкендиктерибиз оңойго турган жок! Жогоруда айткандай, эли-жеринен сыртта жүргөн кыргыздар өзгөчө намыстуу келишет, ич-арадагы терс көрүнұштөрдү жаап-жашырып, сыртка чыгарбоого аракет кылышат.
Бирок, ошондой терс көрүнұштөрдү убагында ачык айтпай койсоң, кызматка манчыркаган кызматкерлер биздин уяттуулугубузду, намыстуулугубузду – бечелдик, алсыздык катары кабыл алышкан учурлар кездешип жүрөт!
Чындыгында бизди тоготпой койгонго жол бербешибиз керек экен! Чет элдеги биз да көбөйүп, калың элге айландык! Кудай буюруса Президентибиздин башчылыгы алдында элибизди, жерибизди өнүктүрүп өстүргөнгө өз салымыбызды кошобуз деген ойдобуз!
Бөтөн жердеги татаал турмушубуздагы терс нерселерди, тоскоолдуктарды айтпай эле коёлу дегенбиз, бирок бүгүн айтпасак туура болбой калат. Анткени, ошондой терс корүнүштөр бүтүн кыргыз улутунун, мамлекетинин өнүгүүсүнө зыяны тийип жатпайбы!
Маселен, убагында Россиядагы жалпы кыргыздардын биригүүсүнө өзүбүздүн арабыздагы эле активистмин деген кыргыздар тоскоолдук кылышкан, ал тургай, бөтөн элдеги мекендештердин ич ара өнүгүүсүнө кийлигишүүгө акысы жок болсо да, Кыргызстандын Россиядагы элчиси ачыктан ачык каршы болуп, бут тоскон! Эмне үчүн?
Россиядагы кыргыздардын биригүү жаатындагы биринчи олуттуу кадам 2006 жылы болгон. Москва шаарында Кыргызстандыктардын Биринчи Конгрессин Апас Джумагулов баш болгон Кыргыз элчилиги менен бирге жогорку деңгээлде өткөн.
Андан алты жыл өткөн соң, 2012-жылы бүтүн Россиядагы чачырап жүргөн кыргыздардын башын бириктирүү максатында Жалпы россиялык Кыргыз Конгрессинин съездин өткөргөнү жатсак, ошол убактагы элчибиз Болот Жунусов, кыргыздардын ынтымагын колдоонун оордуна, туш-тарапка (Жогорку Кенешке, Президенттин аппаратына, МИДге, жана башка Россиянын 60 тан ашуун дареке) расмий түрдө жалган каттарды жөнөтүп, съездге келбегиле деп, өзү катышпай больницага жатып алганы съездин делегаттарынын жана Жогорку Кенештен келген депутаттардын нааразычылыгын туудурган.
Көрсө, элчи жалган ушактарга ишенип, биз тааныбаган Акаев жана Бакиев деген качкын президенттер менен бизди байланыштырып, шекшип, чоочулаган экен. Эмне себептен элчибиз такталбаган маалыматтарга таянып, кыргыз биримдигинин тамырына балта чапты? Ошол элчинин жалган каттарынын залакасын ушул күнгө чейин биз тартып келебиз. Кеч болсо да, ушул маселеге укуктук баа берип коюңуздарды өтүнөм!
Урматуу Кыргыз мамлекетинин жетекчилери!
Учурдан пайдаланып Россиядагы мекендештердин атынан сиздерге расмий  билдирип кетмекчибиз.  Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси Кыргызстандын расмий бийлигине эч качан оппозиция болбойт, ушуну эсиңиздерге бекем тутуп алыңыздар!
Кыргыз Конгрессинин негизги максаты Россиядагы кыргыздардын тилин, дилин, маданиятын унутпоого шарт түзүп, ошону менен бирге, Россиянын бийлик бутактарында, илим-билим, маданият жана бизнес тармактарында кыргыздардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн өсүп чыгуусуна көмөк көрсөтүү! Мына ушундай маселелерде Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси кыргыз бийлигинин колдоосуна муктаж!
Урматтуу мекендештер!!!
Бул Форумдун негизги чакырыктарынын бири мекендештерибизди өз мекенине жардам берүүгө үндөө болуп жатат. Биз мекенибиз, элибиз үчүн эч качан жардамыбызды аябайбыз, жакшы иштерди мурдатан эле жасап келгенбиз.
Кыргызстанда быйылкы жыл Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп белгиленгенин жакшы билебиз.
Андыктан, жыл башынан эле Президентибиздин жарлыгын бүтүн Россиядагы мекендештерге жеткирүү максатында Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен келишим түзүп, атайын видеороликтерди иштеп чыгып, интернет жана социалдык желелерде кеңири таркатып, үгүт иштерин жүргүздүк. Натыйжада, Россия боюнча жер-жерлерде көптөгөн «Айыл ынтымак» фонддору түзүлүп, мекендештер тарабынан Кыргызстандагы айылдарга түздөн-түз чоң жардамдар көрсөтүлө баштады, айылдардын инфраструктуралары жакшырууда, спортзал жана спорт аянтчалары салынууда, үнөмдүү электр чырактары жана таза суу менен камсыз болууда, мектептерде, бала-бакчаларда ремонттор жүргүзүлүп жатат. Мисалы: жакын эле арада Каракулжа районунун Терек айылынын көчөсүндө элект жарыгы жаркырады, Ноокат районунда спорт аянтча курулду, Өзгөн шаарынын бир көчөсүндө таза суу түтүкчөлөр тартылды.
Урматтуу Президент, урматтуу мекендештер!
Бул форумда негизинен мекендештерибиздин жеке жетишкендиктери, ийгиликтери  жөнүндө сөз болууда.
Сиздер билесиздер, чет өлкөдө жеке кызыкчылыктарды өнүктүрүү оор деле иш эмес, ал эми Кыргыз мамлекетинин, улутунун кызыкчылыгын алдыга сүрөө алда канча түйшүктүү маселе. Мындай жумуштарды негизинен чет мамлекеттеги Кыргызстандын элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жүргүзөт.
Мына ошондой түйшүктүү долбоордун бири, кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүүсүнө, кыргыз товарларынын экспортун күчөтүүгө зор мааниси бар, бирок, үч жылдан бери иштебей калган ВДНХдагы “Кыргызстан” павильону.
Мына биз мамлекетибизге жардам беребиз деп, бюджеттен бир тыйын албастан, 2 млн. доллар акча коротуп ВДНХдагы павильонду ишке киргизип, эл үчүн, кыргыз бизнесинин кызыкчылыгы үчүн иштетип жатканбыз. Азыр эми, 3 жылдан бери иштебей турат!
Эмне себептен элге абдан керектүү павильон талкаланып иштебей калды? Бул суроону биз эле эмес, Россиядагы жүз миңдеген мекендештерибиз ушул күнгө чейин берип келишүүдө?
Павильон Москвадагы кыргыздар үчүн эң таанымал маданий борборго айланып, көптөгөн мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар, эгемендүүлүк майрамы, Нооруз, Орозо, Курбан айт намаздары, улуттук көргөзмөлөр өтүп турчу жай эле. Ошондой көзгө көрүнүп калган жерди, кыргыз мамлекетинин ошол учурдагы премьер-министри Темир Сариев жана анын жардамчылары өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн кыянаттык жол менен тартып алып, бирок иштетпей буздуртуп туруп, таштап койгондорун кандай түшүнсө болот?
Көрсө, Сариевге чет өлкөдөгү мекендештердин каражатына тургузулуп иштеп жаткан даяр павильон керек болгон экен. 
Эсептеп көрүңүздөрчү! 3 жылдан бери кыргыз өндүрүшчүлөрү Москвадагы бекер офистеринен, көргөзмө аянтчаларынан ажырап, таба турган пайдаларынан куру калышты, ал тургай россиянын базарларына чыгалбай, товарларын саталбай отурушат.
Экспортерлорубуз канча чыгымга учурады! Ал эми Москвадагы улуттук көргөзмө борборуна сарптаган 2 млн. долл. каражатыбызды ким төлөйт? Биздин колубузда Экономика министрлиги тастыктаган бардык документтер, актылар турат, кызыккандар болсо беребиз!
Кечээ ФБдан Эмил Шукуров деген окумуштуу-экологубуз “Нынешний кыргызский политик – это человек, который готов построит свой дом ценой разрушения целого государства”, - деп айтканын окуп калдым. Ошол сыңары Москвадагы биздин улуттук павильонубуз дагы көркоолук менен буздурулуп, жабылып калды. Мындай саясатчылардан, мындай кызматкерлерден элибизди кудай сактасын!!!
Урматтуу Президент, форумдун катышуучулары!
Кеч болсо да, мамлекетке жана чет элдеги мекендештерге эбегейсиз чоң зыян келтирген мындай көрүнүшкө укуктук баа берилүүсүн биз өтүнөбүз!
Дагы бир айтып кете турган маанилүү маселе, Ярослав областындагы 42 жылдан бери Кыргызстаныбыздын наамын жоготпой келе жаткан “Кыргызстан” совхозу. Бул чарба боюнча сиздин атыңызга, урматтуу Сооронбай Шарипович, кайрылуу жасаган болчубуз. Мүмкүн болсо, моралдык колдоо көргөзүп койсоңуз, ошол чарбаны эки мамлекеттин достугу жана кызматаштыгынын символу катары өнүктүрүп кетет элек! Бул маселе, орус-кыргыз достугунун символу катары Россия мамлекетинин Президенти, МамДума жана Совет Федерациянын деңгээлинде колдоо алынган болчу.
Мына биз ошого окшогон объектилерди бапестеп, сактап келечек муундарга өткөрүп берсек жакшы саамалык болмок.
Урматтуу мекендештер!
Сөзүмдүн аягында Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө бөгөт болгон коррупционерлерге аёосуз күрөш ачкан Президентибиз Сооронбай Шариповичти чечкиндүү түрдө колдоого бардыгыңыздарды үндөп кетет элем!
 
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!