Телефон: +7 (926) 789-91-29
Региональные отделения
закрыть× Звоните нам +7 (926) 789-91-29


ЖАЛПЫ РОССИЯЛЫК КЫРГЫЗ КОНГРЕССИНИН МЕКЕНДЕШТЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ!!!

Урматтуу мекендештер!

Жаратканыбызга жалпы элибиздин үнү жана дубасы жетип, Кыргызстаныбызда туруктуулук орноду! Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп элдик лидер Садыр Нургожоевич Жапаровду премьер-министр кылып шайлап беришти. Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен отставкага кете турганын билдириптир. Демек, Садыр Жапаров бир эле премьер-министр эмес, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматын дагы аткаруучу болуп калат. Бул кыргыз элинин, өзгөчө эмгек мигранттарынын жана бардыгыбыздын жеңишибиз! Элдик лидерге бардыгыбыз жапа тырмак жардам беришибиз керек, ишине ийгилик каалайбыз. Буюруса, жаңы премьер жана президент чет мамлекеттеги мекендештерге эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөтөт деген үмүттөбүз. Бардыгыңыздарды элибиздин АДИЛЕТТҮҮЛҮК ҮЧҮН ЖЕҢИШИ менен куттуктайм!

Кубанычбек Кожоев,

Жалпы Россиялык Кыргыз Конгрессинин президенти